АКШнын Атланта шаарындагы зоопаркта 13 горилла коронавирус инфекциясына чалдыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Жоржия университетинин лабораториялык изилдөө бөлүмүнө жөнөтүлгөн анализдердин жыйынтыгы зоопарктагы 20 горилланын ичинен 13ү вируска чалдыкканын көрсөткөн. Ошондой эле маймылдарда илдеттин белгилери да байкалган. Мисалы, алардын мурдунан суу агып, жеңил жөтөл пайда болгон жана тамакка болгон табити жоголгон.
Изилдөөчүлөр вирус маймылдарга зоопарктагы кызматкерлерден жуккан болушу мүмкүн деп божомол кылышууда. Бирок бул нерсени так аныктоо үчүн кошумча лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын күтүп жатышканы айтылган.
Учурда кызматкерлер илдетке чалдыккан гориллаларга жакшы көңүл буруп жатканы маалымдалды. Ал эми жакынкы күндөрү зоопарктагы бардык айбанаттар, анын ичинде гориллалар, орангутандар, Суматра жолборстору, Африка арстандары да коронавируска каршы эмдөө алары кошумчаланды.