"Өлтүрөм деп". Жумгал районунун пробация кызматкери иш бөлмөсүндө сабалды

Нарын облусунун Жумгал районунун пробация кызматкери өзүнүн иш бөлмөсүндө сабалды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 7-сентябрь күнү Чаек айылынын К.М.Ж аттуу тургуну Жумгал районунун пробация кызматкерине анын иш бөлмөсүндө кол салган. Ал Жумгал районунун акимиатына келип, социалдык иштер боюнча бөлүмдү издеп жүрүп, акимиаттын имаратында пробация кызматкеринин кабинетине кирип, кызматкерге негизсиз түрдө кол салган. Пробация кызматкери уюлдук телефон аркылуу милицияга кайрылганда, ал андан да чоң агрессия менен пробация кызматкерин башына жана денесине сокку урган, ошондой эле ал колуна кайчы алып аны өлтүрөм деп коркуткан.

"Жабыркаган пробация кызматкери соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөн, анын жыйынтыгында кызматкердин баш мээси чайкалган жана моюн омурткалары жылышкан. Учурда кызматкер Бишкектеги медициналык мекемеде стационардык түрдө дарыланууда", - деп билдиришти аталган мекемеден.

Азыркы учурда бул окуя боюнча Жумгал районунун РИИБи иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ansar
2021-09-13 16:57:04
Негизсиз турдо кантип эле чапкылай берсин. Кантсе да жаман болуптур
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан