Кыргыз жарандарына Европа жана АКШ өлкөлөрүнө мыйзамсыз миграцияны уюштурган канал аныкталды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жасалма паспорт ээлери Украинанын чек арасынан кармалышкан.
Маалым болгондой, ушул жылдын декабрь айында жумуш менен камсыз кылган "PEACE" агенттиги паспортторду жасалмалоо аркылуу Европада жана Америка Кошмо Штаттарында жарандарды жумушка орноштуруу кызматын мыйзамсыз көрсөтүп келген.
"Жасалма паспортторду колдонгон жарандар Украинанын чек ара кызматы тарабынан кармалып, Кыргыз Республикасына жиберилген.
Ал эми бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көлдүн Бостери айылында жашынып жүргөн, мурда бир нече жолу соттолгон Ж.У. аттуу жаран кармалды. Учурда кармалган адам Бишкек шаарындагы тергөө абагына киргизилди.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бельгиянын, Франциянын, Нидерландынын, Испаниянын жана Грециянын жасалма паспорттору, компьютердик техникалар жана кеңсе техникалары табылды. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.
Милиция кызматкерлери кармалган адамдын мындан башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо үчүн жабыр тарткан жарандар болсо, кабар берүүнү суранат. Байланыш номерлери: (0312) 26-61-70, (0312) 26-61 -65, 0700 84-84-40, 0703 55- 81-25.