УКМК тарабынан кармалган Кылычбек Саркарбаев Ош шаардык соту тарабынан акталды

УКМК тарабынан кармалган Кылычбек Саркарбаев Ош шаардык соту тарабынан акталды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ош шаардык сотунун 11-августтагы өкүмү менен Кылычбек Саркарбаевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондугу аныкталган. Жогорудагы өкүмгө мамлекеттик айыпталуучу макул болбой, Ош облустук сотуна апелляциялык сунуш келтирилди", - деп жазылат маалыматта.

Кылычбек Саркарбаев 2020-жылдын 16-декабрь күнү УКМК тарабынан кармалган. УКМК 1987-жылы 20-январда туулган Кыргыз Республикасынын жараны Саркарбаев Кылычбек Асылбековичтин паспорт алуу мыйзамдуулугун текшерүүдө документте жасалмалоо фактысын аныктаганын билдиришкен.

УКМК Кылычбек Саркарбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруп бергенин маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Antiradikal3
2021-09-13 17:22:13
Ташиев менен Жапаров коррупция жана криминал менен курошуп кыйратып жатат... Мына далили... :)))
+10
Dembele84
2021-09-13 17:33:10
Бандит,жегичтер чекеден эле бошоп жатат кайра жегени и элди тоногону.А карапайым элдин камалган балдары турмодо отот
+10
aslonur
2021-09-13 18:32:06
Dembele84, резиденция астынан кармап камап салып жатат бирок көргөндөр да көрбөгөндөй уккандарда укпагандай түр көрсөтүп жатышат, билбейм кантип кайрылыш керек, кат менен кайрылсаң окубаса, резиденцияга барсаң камап салса, үн чыкпайм десең кысым көрсөтүп жатышса
+5
Asmat84
2021-09-13 17:40:16
Караларды азыркы бийлик эч качан камай алышпайт. Себеби убагында авам менен акам эс алууда жатканда ушул каралардын жардамы опол тоодой тийип турган
+8
nargiz-sa
2021-09-13 17:52:17
Биздин гумандуу, коркок бир адамдын жетегинен чыкпаган сотторго даңк дана дүңк
+8
modem4999
2021-09-13 18:44:34
Дакансалар каяктасынар, бирдеме дебейсинерби?
+6
XATSAN125
2021-09-13 21:38:08
modem4999,этият бол койчу байке койчу байкелетип койбосун дакансалар:хаха:
+2
Ala.too.456
2021-09-13 20:49:42
Уй-кой уурдап турмого тушуп калгандарда келтирилген чыгымды толтуруп берсе, акталып чыгабы ошондо...
+3
Tursunbaev1978
2021-09-14 13:28:41
Ala.too.456,жок алар акталбайт,себеби алар мамлекеттикин уурдаган жокта))))
+1
CAPATAH
2021-09-14 19:48:22
Шайлоого карата ....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан