реклама
super.kg logo

Ош шаарынын мэриясынын жаңы аппарат жетекчиси болуп Камчыбек Досматов дайындалды

 

Ош шаарынын мэриясынын жаңы аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койду.
Бүгүн, 13-августта жаңы аппарат жетекчиси Ош шаарынын мэриясынын эмгек жамаатына тааныштырылды.
Камчыбек Досматов бул кызматка чейин президенттин администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору болуп турган.
Жаңы дайындоо "президенттин администрациясында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо" жөнүндө жарлыгына ылайык ротациялоо тартибинде которулган.
Камчыбек Досматов 1988-жылы 21-майда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Достук айылында туулган. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда кенже кызматтан жогорку кызматтарга чейин иштеп, бир топ тажрыйба топтогон. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө башкы адис, Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинде төрага болгон, акыркы жылдары президенттин аппаратынын бир топ бөлүмдөрүндө эксперт, жетекчинин орун басары, инспектор кызматтарын аркалап келген.
Эки жогорку билимдин ээси, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы кеңешчиси.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
176313;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: