Австриянын тургуну апасынын сөөгүн үйгө жашырып, пенсиясын алып жүргөн

Австриянын Тироль аймагынын тургуну бир жылдан ашык убакыт бою апасынын мумияланган сөөгүн жер төлөдө сактап, анын пенсиясын алып жүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 89 жаштагы аял табигый себептерден улам 2020-жылы каза болгон. Анын 66 жаштагы уулу маркумдун сөөгүн үйүнүн жер төлөсүнө катып, жытын жашыруу үчүн муз салынган баштыктар менен бинттерди колдонгон. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, уулу апасы өлгөндөн кийин 50 миң евро (4 миллион 300 миң сом) өлчөмүндөгү пенсиясын мыйзамсыз алган. Бул окуя жаңы кызматкер "акчаны пенсионердин өз колуна берем" дегенинен кийин белгилүү болгон. Кызматкер болгон окуя тууралуу полицияга кабарлаган. Укук коргоо кызматкерлери шектүүнүн үйүн тинтип, жер төлөдөн пенсионердин мумияланган сөөгүн табышкан. Ал кылган күнөөсүн моюнуна алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан