Ысык-Көл облусунун Түп районунда өз үйүнүн ичинен 41 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-сентябрь күнү болжол менен 19:30 чамасында Түп РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Түп райондук ооруканасынан Түп айылындагы үйлөрдүн биринен 40-45 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси табылганы кабарланган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге барып, маркум 41 жаштагы К.Е. экендиги аныкталган. Жансыз денеге тышкы кароо жүргүзүү учурунда анын бети-башы, колдору жана кийимдери кан экендиги аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин негизинде кызматкерлер тарабынан кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Түп айылынын 48 жаштагы тургуну М.Т. кармалып, күнөөсүн моюнуна алган. Анда алар маркум экөө спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетип, аны колу-буту менен катуу сабап, тепкилеп кетип калгандыгын билдирген.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, азыркы учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иш амалдары жүргүзүлүүдө.