Окумуштуулар адамдарга бактылуулук тартуулаган эң жагымдуу үндөрдү атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган изилдөөнү АКШдагы "Good News Network" онлайн гезити жасаган. Алар 2000ге жакын адамга сурамжылоо жүргүзгөн жана анын жыйынтыгында эң жагымдуу деп эсептелген үндөрдү аныкташкан. Сурамжылоонун натыйжасында ар бир 10 адамдын төртөөсү жумасына жок дегенде 2 ирет ностальгиялык музыкаларды угуп турарын билдиришкен.
Ал эми эң жагымдуу үндөрдүн алдыңкы катарында куштардын сайраганы жана деңиз толкунунун шарпылдаган үндөрү орун алган.
Андан кийинки саптарда терезени черткилеген жамгыр үнү, койлордун маараганы жана рельсте кетип бара жаткан поезддин үнү жайгашкан.
Тан калычтуусу чайнектин ышкырган үнү дагы жагымдуу сезимдерди калтырган үн деп табылган.
Ал эми бул тизмеге кирген башка үндөр: үналгынын үнү, кар күрткүсү, шаркыратманын үнү, музыкалык композициялар, жалбырактардын шуудураганы, күндүн күркүрөгөнү, аарылардын ызы-чуусу, көчөдо ойноп жаткан балдардын ызы-чуусу, чөп чабуу учурундагы үндөр, фонтандын үнү, уйлардын мөөрөгөнү, стадиондогу ызы-чуу, асманда учуп бара жаткан учактын үнү, кофе даярдоочу идиштен чыккан үн, блендердин үнү, иттердин үргөнү, көчөдөгү ырчылар, пивонун капкагын ачкандагы үн, аттын чуркап бара жаткандагы үнү, кол чабуулар, суудан секирген балыктын үнү, куурулуп жаткан тамактын үнү, жамгыр үнү, мышыктын мыёлогону жана башка үндөр.
Ошондой эле адамдар көбүнчө табияттагы үндөрдөн ырахат алары айтылган.