Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын айрым артисттери жетекчиликтин кысымына жана куугунтугуна нааразычылыгын билдиришип, өлкө башчы Садыр Жапаровго мекемелер аралык комиссия түзүүнү жана кадр маселесин чечип берүүнү суранышкан.
Ал эми жетекчилик опера жана балет театрында солисттер жетиштүү жана эч кандай көйгөй жок экенин маалымат жыйында билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, артисттердин айлык маянасы орто эсеп менен 9-10 миң сомду түзөт жана жай айында 20 пайызга көтөрүлгөн.
"Бизде стабилдүү айлык маяна 14 миң сомду түзөт. Айлык маянанын аздыгы жеке эле биздин театрдагы көйгөй эмес. Ошол эле мамлекеттик кызматкерлерде, дарыгерлерде жана мугалимдерде бул маселе жаралып келет. Биздин театрда өз ишин сүйгөндөр гана калышат", - дейт солист Тилек Кийизбаев.
Ага улай эле Искендер Сартбаев буга чейин 13 балет артист өз каалоосу менен жумуштан кеткенин айтып, Атабек Садыркулов кайра жумушка кирүү үчүн эч кандай арыз менен кайрылбаганын кошумчалады.
Жетекчилик ошондой эле театр артисттери көп жылдардан бери биринчи жолу чет өлкөгө, тактап айтканда быйыл күздө Ташкентке гастролдоп барарын билдирди.
Эске салсак, 6-мартта жергиликтүү артисттер орусиялык жылдыздардын катышуусунда "Ак куу көлү" балетине катышуудан баш тартышкан. Артисттер коммерциялык долбоорлордо иштегени үчүн кошумча акы төлөнбөгөнүн айтышкан.