"Кыйкырган бойдон жаны үзүлдү". Боорун курт жеп, 10 эле пайызы калды деген каарманыбыз Арсланбек каза болду

2002-жылы туулган Арсланбек Канатбек уулу 11-классты бүткөндөн кийин катуу ооруп калган. Ооруканага кайрылганда ага боордун альвеоккокоз диагнозун коюшкан. Тагыраагы көп жылдан бери боорду ичинен курттар жеп, 10 пайызы гана калганын айтышкан. Ушул жылдын башында анын ден соолугунан кабар алып SUPER.KG порталы анын Индияда гана жасала турган операциясына акча чогултууга элден жардам сурап репортаж даярдаган. Андан бери жарым жыл өттү. Кабар алып жакындарына байланышканыбызда ал каза болгонун кабарлашты.

"4-сентябрь күнү инибизден айрылдык. Ал акыркы жылдары өтө катуу кыйналды, ичинен боорун курттар жеп тынышты окшойт. Кыйкырган бойдон жаны үзүлдү. Акча жагынан жардам берген элге рахмат айтабыз. Эч болбосо дарыланып турганга абдан чоң жардам болду. Акча чогулса деле операция жасаганга болбойт, кеч деп дарыгерлер айтышкан. Буйрук экен, эч нерсе кыла албай калдык. Бир аз суммадагы акча чогулганы менен Арсландын иммунитети көтөрүлбөй койду. Бирок биз үмүтүбүздү акырына чейин үзгөн эмесбиз.

Акыркы мүнөттөргө чейин апабыз кайгырбасын деп өзүн жакшы сезип жатканын айта берди. Бирок сыртынан кыйналып жатканы билинип турду", - дейт Айдай Имамбекова.

SUPER.KG порталынын жалпы жамааты Арсланбектин жакындарына терең көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aizira
2021-09-13 23:22:08
Ай кудайым ай. Ушундайларды уксам журогум сыздайт. Жайы жаннаттан болсун
+4
surgeon777
2021-09-14 00:10:11
Бейишин берсин,аттин жаш бала...
+6
AdylbekB84
2021-09-14 00:26:32
Ээ ушул бала өтүп кетиптирда, жаткан жери жайлуу болсун! Аттиң жаш бала...
+5
Sajakat14
2021-09-14 02:36:06
Жапжаш, супсулуу бала экен. Байкуш бала. Абдан ооруп, жаңы кыйналган турбайбы.Арьы кайрылуу болсун.Баланы врачтарга эртерээк алып барганда айыгып кетмек беле.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан