Бишкекте жеңил унаа толук күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Иса Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган, саат 16:02де чектөөгө алынып, 16:05те толук өчүрүлгөн.
Өрттөн Жигули ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаа толук күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.