Кара-Көл шаарында унаа уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында унаа уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл ШИИБине 27 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 10-август күнү саат 23:30 чамасында кичи футбол аянтчасында токтоп турган ВАЗ 2103 үлгүсүндөгү унаасын ачкычы ичинде турган учурда белгисиз адам айдап кетип калгандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Кара-Көл ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Кара-Көл ШИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы окуяга шектүү катары ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Кара-Көл шаарынын 1994-жылы туулган Т.Н. аттуу тургуну кармалган. Ал убактылуу кармоо жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-09-14 00:12:22
Уурулук дагы деле мода экенда!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан