Акыркы аптада Бишкекте 4 миң 191 айдоочу жол эрежесин бузду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 45 айдоочу унаасын мас абалда башкарып келе жаткан убакта кармалса, 6 унаанын айдоочусу терезесин караңгылатканы үчүн кармалган.
Ал эми 34 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарса, жасалма номер менен 3 автоунаа колго түшкөн. Ошондой эле 4 миң 59 айдоочу ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалган.
588 унаа айып короо жайына токтотулган.