Өзүн орган кызматкери деп тааныштырган. Орусияда кыргыздардан алдоо жолу менен акча алган жаранга кылмыш иши козголду

Орусиянын Иркутск шаарында алдамчылардын тузагына илинген Кыргыз жарандарына 246 миң рубль келтирилген материалдык зыян компенсацияланды. Бул туурасында Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашат.
Маалым болгондой, элчиликтин Иркутск шаарындагы канцеляриясына билдирүү түшкөн. Анда бейтааныш адам өзүн Орусиянын компетенттүү органдарынын биринин кызматкеримин деп тааныштырып, Орус жарандыгын алуу жана убактылуу каттоого турууга жардам берүүгө убада берип, алдап кеткен.
"Ал адам убадасын аткарбай качып, алган каражаттарды кайтаруудан баш тарткан. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, аракеттерде кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча процессуалдык чечим кабыл алынган.
Канцелярия Кыргыз жарандарынын арыздарынын негизинде, Иркутск облусунун прокуратурасына бул материалдын алкагында мурда кабыл алынган чечим боюнча текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн кайрылып, прокурордун жообуна карата чаралар көрүлдү. Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча мурда кабыл алынган чечимдер жокко чыгарылып, "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголду. Соттук териштирүүнүн алкагында кылмыштуу аракеттердин натыйжасында, келтирилген материалдык зыян толугу менен төлөнүп берилди", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан