Орусиянын Москва шаарындагы "Лесопарковая" станциясында өзбек жана тажик тилдеринде жазылган белгилер пайда болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, метро бекетинин кире беришинде тажик тилинде (кириллица алфавити менен) жана өзбек тилинде (латын алфавити менен) көрсөтмө белгилер илинген.
Интернет колдонуучулары арасында буга карата ар кандай пикирлер айтылууда. Айрымдар "өзбектер менен тажиктерге өзүнчө жазуусу менен белгилерди коюунун зарылчылыгы жок" деген пикир калтырышса, кээ бирлер "мигранттар көп жумуштарда иштеп жатышат. Мындай нерсенин эмнеси жаман?" деген оюн айтышууда.