Бишкекте батирден баалуу буюмдарды уурдоого аракет кылган шектүүнү милиция кызматкерлери кармап калды

Бишкекте батирден кымбат баалуу буюмдарды уурдоого аракет кылган шектүүнү ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери кармап калышты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-сентябрь күнү саат 20:39да ИИМдин күзөт кызматына Касым Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде кандайдыр бир белгилер байкалып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол замат жогоруда көрсөтүлгөн дарекке кызматкерлер барып, үйдүн короосуна киргенде короонун ичинен качканга аракет кылып жаткан жаранды көрүп, дароо кармаганга аракет кылышкан.

"Кызматкерлер бири-бирине белги берип кылмышка шектүүнү курчап, кармап калышкан. Аталган жерге Биринчи Май РИИБинин тергөө тобу чакыртылып, текшерүү учурунда шектүүнүн жанынан ноутбук, кол саат, алтын чынжырча далил катары табылган. Ошондой эле чөнтөгүнөн мык суургуч чыккан. Шектүү Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан