"Талибан" кыймылынын өкүлү Ооганстанда аялдар менен эркектердин чогуу иштөөсүнө тыюу салынарын билдирди

Ооганстанда аялдар эркектер менен чогуу бир жумушта иштебеши керек. Мындай пикирин "Талибан" кыймылынын өкүлү Вахидулла Хашими телеканалдардын бирине берген маегинде билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, талибдер эл аралык коомчулуктун каршылыгына карабай, өздөрүнүн ислам мыйзамдар топтомун ишке ашырууну улантып келет.

"Биз Ооганстанда шариат системасын ишке киргизүү үчүн дээрлик 40 жыл күрөш жүргүздүк. Ал эми шариат мыйзамына ылайык, эркектер менен аялдар чогуу жүргөнгө, бир чатырдын астында чогуу отурганга болбойт. Алар жумушта бирге иштей алышпайт. Бул ачык эле нерсе. Аялдарга биздин кеңселерге келип иш алып барууга болбойт", - деп билдирген Хашими.

Учурда интернет айдыңында "Жогорку даражадагы өкүлдүн бул пикири жалпы талибдердин көз карашын чагылдыргандай түр калтырууда. Бул чындап эле "Талибан" кыймылы түзгөн жаңы бийликтин ниетин билдиреби?" деген ойлор айтылууда.

Эске салсак, "Талибан" кыймылы буга чейин аялдардын билим алуусуна жана иштөөсүнө эч кандай тоскоолдук болбой турганын жарыялашкан.

Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
alimbek94
2021-09-14 10:25:51
Диний көз караштарды мажбурлап таңуулоо айбанчылык жана диний фанатизмди пропагандалоого эч кимдин укугу жок.
-3
bond0202
2021-09-14 13:37:11
alimbek94,айжан кандайсын
+3
nazira...
2021-09-14 17:57:11
bond0202,билип алдынбы ким экенин.





0
alimbek94
2021-09-14 10:29:00
Аялдар жашоого азап тартуу үчүн жаралган эмес. Аялдар деле жоошодо ырахат алып, жан дүйнөсүнө жаккан иш менен алек болуу үчүн жаралган. Ошону сабатсыз динчил талибтердин аң сезимине жеткирип коюшса жакшы болмок.
-2
33SUUN
2021-09-14 21:28:41
alimbek94,Каймана атын чач болсо керек.Жанылсам кечирип кой.
0
Sajakat14
2021-09-15 07:39:16
alimbek94,алдары өздөрүнө жетпейт. Бирок аялдарга эле жетет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан