2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда старт алып, республиканын бардык билим берүү мекемелери окуучуларды кабыл алат. Биринчи жолу мектеп босогосун аттап, билим алуучулардын катарына кошулгандардын арасында шоу-бизнес өкүлдөрүнүн уул, кыздары да бар.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын эң кичүү баласы дагы окуучу аталды. Ырчы айымдын тун баласы үчүнчү класс, кызы экинчи класс, ал эми кчүүсү биринчи класска барды.
Ырчы Бактыгүл Бадыеванын ортончу кызы Эркеле быйыл мектеп босогосун аттады. Ал Бишкек шаарындагы менчик мектептердин биринде билим алат.
"Тамашоу" лигасынын негиздөөчүсү, шоумен, алып баруучу Эрмек Нурбаевдин уулу Тынай дагы биринчи класстын окуучусу болду. Ал менчик мектептердин биринде билим алат. Тынай Эрмек Нурбаевдин үчүнчү уулу.
Режиссёр, продюсер Данияр Болотбековдун уулу Даир биринчи класска барып, окуучу статусун алды.
Вайнер, актёр Эмил Токтошевдин баласы Агзам дагы Оштогу мектеп комплексинин биринчи классынын окуучусу болду.
Ырчы Акбар Сүйүнбаев менен Кундуз Казыбек кызынын баласы Актилек 1-класска кадам таштады. Кундуз айым уулун 6 жарым жаныда мектепке берейинн деген ою болгонун айтат. "Актилекти былтыр мектепке берели деп ойлогонбуз 6,6 жашында. Бирок пандемияда үйдө окугандан улам ал оюбуздан кайтканбыз. Көпчүлүгү өзүнүн жашында берген туура болот дешкен. Чындыгында былтыр мектепке барганда эртерээк болуп калмак экен. Быйыл классыбыздын эң узунубуз", - дейт ал.
Ырчы Айпери Кулбаева бул жылы баласы Акдилди мектепке алып барды. "Мектептин ак босогосун аттап, алгачкы ирет партага олтурду. Акдилим жакшы окуп, илим-билим алып, эл керегине жараган, желегибизди көктө желбиреткен акылдуу, ыймандуу балдардан болушуңду тилейм", - дейт ал.
Фольклор ырчысы Эльзар Өскөнбаеванын баласы Эмир дагы биринчи класстын окуучусу болду.
Клипмейкер Эрнист Сыдыковдун экинчи уулу Умар бул жылы биринчи класска барган окуучулардын катарын толуктады.
Ырчы Тотомидин Жолдошевдин эрке кызы Созайым дагы ак бантигин тагынып, 1-класска кадам таштады.
Шоумен Санжар Мыкыевдин тун кызы Фатима быйыл мектепке чейинки даярдоо классына аттанды.