"Талибан" кыймылы түзгөн жаңы өкмөт Дүйшөмбү шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышпайт. Бул тууралуу Орусия президентинин аталган уюмдун иштери боюнча атайын өкүлү Бахтияр Хакимов билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Ооганстан уюмдун байкоочусу болуп турган маалда мурдагы президент Ашраф Гани бул жыйынга чакырылган. Бирок аталган өлкөдө бийлик алмашкандыктан жана азыркы бийлик легитимсиз деп таанылып жаткандыктан бул жолку саммитке чакырылган эмес.
"Учурда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин бирөө дагы талибдердин өкмөтүн расмий түрдө тааный элек. Ошондуктан аларды чакырууга эч кандай негиз жок", - деп билдирген Хакимов.
Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюмунун 20 жылдык юбилейлик саммити 16-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтөт.