Казакстанда медициналык окуу жайдын студенттеринин тамашалуу видеосу чатакка айланды

Казакстандын Усть-Каменогорск шаарындагы медициналык окуу жайдын студенттеринин тамаша салган видеосу чатакка айланды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 1-курстун студенти муляждын жардамы менен төрөтүү процессин көрсөтүп жаткан. Видеодон студент кыздын каткырып күлүп, процессти туура эмес жасап жатканын көрүүгө болот.

Буга социалдык тармактын колдонуучулары ар кандай сын-пикирлерди жазышкан.

"Эми булар ушинтип иштешет", "Ушундайлардын айынан дарыгерлерди жаман көрүшөт", "Мындан кандай акушер чыгат? Сөз жок!", "Бул жөн эле юмор болушу мүмкүн" деген комментарийлер жазылган.

Айрымдары видеонун каарманын таап, окуу жайдан чыгарууну талап кылышууда. Ал эми медициналык колледждин директорунун орун басары Бауржан Муратбекулы: "Ким өз кесибине мындай мамиле кылганы бизди дагы кызыктырат. Эч кандай этика жана эстетика жок. Бул биздин студенттер эмес, биздин аудитория да эмес. Кайсы колледж экенин билүүгө биз да кызыкдарбыз", - деп билдирет.

Ошондой эле укук коргоочу Индира Какимова студенттер жаш экенин эске алып, видеого адекваттуу кароого чакырган.

Мындан тышкары укук коргоочулар студенттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан