Акжол Махмудов Дүйнө чемпиондугуна катышпайт. Себебин машыктыруучусу билдирди

Акжол Махмудов Норвегияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышпайт. Бул тууралуу грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев билдирди.

"Бизде Акжол Махмудовдун салмагында (77 килограмм) күрөшкөн көп балбандарыбыз бар. Ошол эле Кайрат Түгөлбаев. Быйылкы Азия чемпиондугунда коло медаль алган Талантбек Акылбеков жана башкалар. Алардын баары өз-өзүнчө мелдештерге бөлүнгөн. Бирөө Азия чемпиондугунда күрөшсө, бирөө Олимпиадада күрөшөт. Ал эми башкалары Дүйнө чемпиондугуна катышат. Ошол себептүү Акжол Махмудов бул жолку Дүйнө чемпиондугуна катышпайт", - деп билдирди башкы машыктыруучу.

Ошондой эле бул нерсе жалпы машыктыруучулардын биргелешип чыгарган чечими болгонун кошумчалады.

Белгилей кетсек, спорттук күрөш (грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча Дүйнө чемпиондугу Норвегиянын борбору Осло шаарында 2-10-октябрь аралыгында өтөт. Ага катыша турган улуттук курама команданын акыркы тизмеси азырынча аныктала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KG-312
2021-09-14 14:00:52
Катыштыра бериш керек болчу!
+4
Asmat84
2021-09-14 14:04:08
Демек бүт тосуулар башталган го
-1
Mina24
2021-09-14 14:36:36
Туура эле
+6
alinsan
2021-09-14 15:02:27
туура эле чечим, олимпиаданын чемпиону дуйнолук чемпионатта мындай эле бироого кокустан женилип калса кадыр баркы кетет, ошондуктан катышпай турганы жакшы
+10
Nuran-1982
2021-09-15 11:42:02
alinsan,Бирок дуйнолук рейтингде ордун жоготушу мумкунда. Ошол жагын да карап корушот керек.
0
alinsan
2021-09-14 15:02:57
андан коро башкалардын осушуно шанс бериш керек
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан