Бишкек шаардык кеңеште жол кире тарифин көтөрүү маселеси айтылды

Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги жыйынында депутат Олег Попиков маршруттук тасилердин тарифин көтөрүү керекпи деген суроо менен вице-мэр Руслан Акылбековго кайрылды. Анда вице-мэр төмөнкүдөй жооп узатты.

"Ооба, тарифтерди көтөрүү керек, бирок акырындык менен. 2012-жылдан бери тарифтер көтөрүлгөн эмес. Автобустарга 15 сом 5 тыйын, машруттук таксилерге 25 сомдон жогору реалдуу тариф болсо алар киреше ала алышмак", - деп билдирди вице-мэр.

Ошондой эле депутат тарифтерди көтөрүүдө маршруттук таксилерде ыңгайлуулук болсо ага макул экенин, ал эми эски маршруттук таксилер болсо жарандар эмне үчүн ага төлөшү керек деген оюн билдирди.

Январь айындагы айдоочулардын нааразычылык акциясынан кийин Бишкек шаарынын мэриясы жол кире тарифин өзгөртүүнү коомдук талкууга койгон. Анда жол кире көтөрүүнүн үч варианты камтылган:

автобус, троллейбус - 11 сом;

маршруттук такси - 15 сом;

Үчүнчү вариантта автобус - 15 сом, троллейбус - 11 сом, маршруттук такси - 19 сом.

Бишкек шаардык мэриясы экинчи вариантка токтолуп, токтомдун долбоору шаардык кеңешке сунушталары айтылган.

Айта кетсек, жүргүнчүлөр үчүн кичи маршруттарга жол кире күндүз 10 сомдон болсо, кечки 21:00дөн кийин 12 сомдон төлөп келишет. Ал эми автобус жана троллейбустарда жол кире акысы 8 сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан