Түркиялык ашпозчу Бурак Өздемир Тик-Токтогу эң бай ашпозчу аталды

Интернет айдыңында таанылган түркиялык ашпозчу Бурак Өздемир Тик-Ток социалдык тиркемесиндеги эң бай ашпозчу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жарыяланды.

Маалыматка ылайык, ашпозчунун кирешеси 11 миллион долларга бааланган. Ал Тик-Ток тармагында 47 миллиондон ашык катталуучу чогултууга жетишкен. Ал эми Инстаграмда 27 миллион катталуучусу бар. Ал тамак жасоо учурундагы видеолорун белгилүү музыкалардын коштоосунда социалдык тармактарда бөлүшүп келет.

Бурак Өздемир интернет тармактарында жасаган чоң көлөмдөгү тамактары жана көпчүлүктү өзүнө тартып турган өзгөчө күлкүсү менен таанымал. Ал 13 жашынан бери түрдүү тамактарды жасоону баштаган. Ал убактарда анын үй-бүлөсүнүн ресторан бизнеси менен алектенишкен. Ал эми Бурак 16 жашында ал ресторандын филиалын ачып, өз алдынча ийгиликтүү иштетип кеткен.

Кийин ал башкалардан айырмаланыш үчүн чоң көлөмдөгү тамактарды жасоого киришкен. Ашпозчунун мындай ойлоп тапкычтыгы ага укмуштуудай ийгилик алып келген. Кийин ал Стамбулга көчүп келип, жеке ресторанын ачкан.

Ашпозчунун ресторанына дүйнөнүн бир топ белгилүү адамдары келип кеткен. Алардын арасында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров, атактуу футболчулар Роналдиньо, Криштиану Роналду, UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов, белгилүү актёр Уилл Смит бар.

Бурак Өздемир
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Eden-Hazard
2021-09-14 19:30:01
Негрдир алаканы ак го
0
Sakubek
2021-09-14 22:36:46
Анжелика звезда да жолуккан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан