ИИМге караштуу Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүктөгү оперативдүү тобу Ош облусунун Кара-суу районундагы салык инспекциясынын салык инспекторун пара алып жаткан учурда колго түшүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Колго түшкөн адам опузалап пара алган деп шектелүүдө. Маалымат боюнча салыкчы дүкөндү текшерүү учурунда айрым кемчиликтерди айтып, дүкөн ээсинен пара сураган. Дүкөн ээси өз учурунда ушул салыкчы келгени салыкты эки эсе төлөй баштаганын, азык-түлүк да талап кылганын, бирок анын талабын аткарбагандан кийин текшерүү күчөгөнүн милицияга кабарлаган. Акыркы ирет салыкчы жеке ишкерди дүкөндө кассалык аппарат жок деп 10 миң сомго айыпка жыккан. Түзүлгөн актыны жокко чыгаруу үчүн салыкчы дүкөн ээсинен 5000 миң сом сураган.
Талап кылган сумманы аларда салыкчы Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.