"Токтоп турган жеринен айдап кетишкен". Ошто унаа уурдоого шектелип 17 жаштагы эки жаран кармалды

Ош шаарында унаа уурдоого шектелип 17 жаштагы эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

31-августта Ош шаарынын тургуну К.У. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Раззаков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн алдында токтоп турган унаасын белгисиз адамдар уурдап кеткендиги жөнүндө жазган.

Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ош шаардык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 17 жаштагы А.А. жана К.О. аттуу Өзгөн районунун эки тургуну 9-сентябрь күнү Бишкек шаарынан колго түшүрүлгөн.

"Шектүүлөр Деу Тико үлгүсүндөгү унааны үйдүн алдында токтоп турган жеринен айдап кетишкен. Унааны Ош шаарынын аймагынан айдап чыгып, Өзгөн районундагы Жылалды айылына жеткенде күйүүчү майы калбай калып, ошол түнү унаада уктап, эртең менен 31-августта унааны ошол жерге калтырып Ош шаарына кетип калышкан. 11-сентябрда Ош шаардык соту шектүү катары кармалгандардын баш коргоо чарасын карап чыгып, 11-октябрга чейин камакта калтырган. Бугүнкү күндө тергөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан