60 жыл толду. Жылуулук электр борборунун кызматкерлери Ардак грамоталар менен сыйланышты

Бүгүн, 14-сентябрда борбор калаадагы Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) ишке берилгенине 60 жыл толду. Ага карата Бишкек мэриясы Жылуулук электр борборунун бир катар кызматкерлерин Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттары менен сыйлады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэриянын Ардак грамотасы менен Айбек Базаркулов, Егор Бутаков жана Владимр Кнутарев сыйланды.

Ал эми ыраазычылык баракчалары менен Калыйнур Айтикеев, Нурия Анараова, Сергей Зайцев, Жеңишгүл Иманбаева жана Артур Семенют аттуу кызматкерлер сыйланды.

Сыйлыктарды вице-мэр Азат Узаков тапшырды.

Белгилей кетсек, Бишкектеги Жылуулук электр борбору 1961-жылы 14-сентябрда биринчи жолу ишке кирген. Бүгүнкү күндө аталган борбор жалгыз гана баш калаа Бишкекти эмес, бүтүндөй өлкөнүн жылуулук жана электр энергия муктаждыгынын 15 пайызын камсыз кылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан