Ырчы, дастанчы Азиз Батыров Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин көркөм адабият жана билим берүү факультетинин деканынын орун басары болуп дайындалды. Ырчы мырзага куттуктап байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.
"Куттуктоолор үчүн чоң рахмат, мен дагы кубанып турам. Азыр куттуктоолордон телефонум тынбай жатат, күйөрмандарым, жакындарым жакшы сөздөрүн айтышууда. Бул кызмат мен үчүн чоң жоопкерчилик. Азбы, көппү билим берүү тармагында дагы иштеп келе жатам, студенттерим, шакирттерим бар. Айтайын дегеним, билим берүүнүн маңдай-тескейи мага тааныш. Буюрса, колумдан келген аракетимди кылып, университетибиздин дагы да алдыга чыгышына, ийгиликтерди багындыруусуна салымымды кошом деп ойлойм. Албетте, талыкпаган эмгек, күжүрмөн аракеттин артында келет анын баары. Ошондой эле мага ишеним арткан кесиптештериме, жетекчиликке ыраазычылык билдирем", - дейт Батыров.