Чүйдүн Сокулук районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-август күнү 1985-жылы туулган С.Т. Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Анда ушул жылдын 25-августуна караган түнү Ново-Павловка айылында жайгашкан унаа жуучу жайлардын биринен анын телефонун жана 17 миң 500 сом акчасын уурдап кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.