Легендарлуу футболчу Пеленин кызы атасынын операциядан кийинки абалы тууралуу айтты

Легендарлуу бразилиялык футболчу Пеле бир-эки күндүн ичинде жандандыруу бөлүмүнөн чыгарылат жана абалы жакшы. Бул тууралуу футболчунун кызы Кели Насименту Инстаграм баракчасына жазып калтырды.

"Ал операциядан кийин өзүн жакшы сезип жатат, эч кандай оорусу жок жана маанайы жакшы. Ал күчтүү жана өжөр. Дарыгерлер командасынын мыкты колдоосу, камкордугу жана күйөрмандарынын сүйүүсү менен баарын жеңет", - деп жазган ал.

Ошондой эле бир-эки күндөн кийин кадимки палатага которуларын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, 6-сентябрда 80 жаштагы Пеленин жоон ичегисиндеги шишикти алышкан. Дарыгерлер анын аң-сезими туруктуу жана диалогду активдүү жүргүзүп жатканын айткан.

Пеле үч жолу Дүйнө чемпиондугун жеңген (1958, 1962 жана 1970). Ал Бразилия курама командасында 92 беттеш өткөрүп, 77 гол киргизген. Эл аралык футбол федерациясы боюнча Пеле XX кылымдын эң мыкты футболчусу деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан