Ысык-Көл облусунун Түп районундагы турак үйдүн короосунда чыккан өрттөн 6 жана 4 жаштагы кыз менен бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"Бүгүн, 14-сентябрь күнү Түп районунун Сары-Булуң айылынын Жаштык көчөсүндө турак үйдүн короосундагы чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Жерине Түп районунун №34 өрткө каршы бөлүмүнөн бир бригада тартылып, саат 15:00дө чектөөгө алынып, 17:45те толугу менен өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен кыз менен бала (2017-жылы жана 2015-жылы туулган) каза болду. Жалпысынан 600 түк чөп күйгөн", - деп билдиришти ӨКМдан.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.