"Талибан" кыймылынын коркунучунан улам Ооганстандын Панжшер провинциясынын Париян районунун жашоочулары тоолорго качып барып, оор турмушта күн кечиришүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жашоочулар өз үйлөрүн талибдердин басып кирүүсүнөн улам таштап кетишкен. Учурда алар оор кырдаалда тоолордо, кокту-колоттордо күн кечирип, азык-түлүктөрү жок калган.
4-сентябрда "Талибан" кыймылы Ооганстандагы акыркы ээлик кыла элек Панжшер провинциясын курчоого алгандыгын жарыялашкан. Өз кезегинде Каршылык көрсөтүү фронту талибдерге чоң жоготууларды алып келген.
Панжшер провинциясы талибдер Ооганстанда көзөмөлдөбөгөн акыркы аймак болчу. Учурда бул аймак толугу менен "Талибан" кыймылынын көзөмөлүндө.
Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.