Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын элчиси Жон Марк Поммершеймди чакырып, АКШнын президенти Жо Байдендин билдирүүлөрүнө нааразычылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, нааразычылык нотасында "мындай билдирүүлөр достук мамилелердин жана өнөктөштүктүн рухуна туура келбейт" деп белгиленген. Ошол эле учурда Тышкы иштер министрлиги Тажикстан АКШ менен өз ара мамилелерди өнүктүрүүгө мындан ары да кызыкдар экенин баса белгилеген.
Байден Тажикстан тууралуу түшүнүксүз билдирүү жасаган. Анда ал Ооганстандан качуу аракети менен Кабул аэропортунда америкалык аскердик учактарга жабышып, бийиктиктен кулап кеткен адамдар тууралуу айтып, АКШ Тажикстандан жарандарын эвакуацияласа мындай кырдаал кайталанышы мүмкүн экенин белгилеген.