Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов бийликти басып алууну уюштуруп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы реестрге катталган Жазык кодексинин 309-беренесинде ("бийликти күч менен басып алуу") көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча жаңы сотко чейинки өндүрүштү баштады. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүү жолу менен бийликти күч менен басып алууну активдүү даярдап жана уюштуруп жүргөндүгү аныкталган. Ушуга байланыштуу Курсан Асанов шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат билдирүүдө.
Буга чейин SUPER.KG порталына өздүк булактар Курсан Асанов бүгүн, 14-сентябрда суракка чакырылып, андан соң кармалганын билдирген.