Ооганстанды басып алган "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү ич ара бийлик талашып чатакташып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн вице-премьер-министри Абдул-Гани Барадар менен миграция министри Халил ал-Рахман Хаккани жана алардын тарапташтары ортосунда бийликтеги орундар боюнча жаңжал орун алган. Барадар Ооганстан Ислам Эмиратынын өкмөт мүчөлөрүн бардык этносторго, ошондой эле аялдарга берүүнү көздөгөн. Мындан улам жаңжал орун алып, вице-премьер Кандагарга кетип калганы айтылды.
"Талибан" кыймылы буга чейин Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн курамын жарыялаган.
Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.