"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү америкалык миллиардер Билл Гейтс эгерде адам баласы вакцинаны 100 күндүн ичинде жасай алса, келечектеги пандемияга даяр болот деп ишенет жана учурда бул багытта жетиштүү аракет жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Мен күткөндөн да пандемияга каршы күрөшүүгө азыраак көңүл бурулуп жатканына бир аз тынчсызданып жатам", - деген Билл Гейтс.
Ал эгер адам баласы 100 күндүн ичинде вакцина жасап, бүткүл дүйнө калкын дагы 100 күндө вакцинациялоого жетиштүү дары өндүрө алса, анда пандемияга даяр болорун билдирген.
"Бул маселени чечүүнүн бирден бир жолу 100 күндүн ичинде бүткүл дүйнөгө жетиштүү вакциналарды өндүрө ала турган заводдорду куруу. Бул мүмкүн", - деген ал.
Билл Гейтс дүйнөдөгү эң бай адамдардын ичинен төртүнчү орунда турат.