Кыргыз өлкөсүнүн Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарындагы башкы консулу болуп Тимур Абдижалил дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.