Кеминдеги Жел-Аргы жайлоосунда куураган чөп жана чычырканактар күйүп кетти

Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнө караштуу Жел-Аргы жайлоосунда куураган чөп жана чычырканактар күйдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттүн жалпы аянты болжол менен 40 гектарды түзгөн.

Куткаруучулар өрттү саат 20:30да чектөөгө алып, саат 23:10до толугу менен өчүрүшкөн.

Өрттү өчүрүүгө 2 офицер, 11 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 адам катышкан.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан