2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда старт алып, республиканын бардык билим берүү мекемелери окуучуларды кабыл алды. Аламүдүн районуна караштуу Степное айылында жайгашкан Келечек орто мектебиндеги салтанаттуу линейкадан сүрөттөр менен бөлүшөбүз.
Айыл ичинде орус, кыргыз, корей жана басымдуу бөлүгү түрк улутундагылар болгондуктан, бул мектеп көп улуттуу болуп саналат.
Линейкага 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар тизилип, жаттап келген ырларын айтып, ал эми артта колдоп келген ата-энелер кол чаап турушту. Ар бир мугалимдин кучагы гүлгө толгон. Бүгүн салтанаттуу линейкадан сырткары тарбиялык сабактар өтөт.