Apple компаниясы iPhone 13 үлгүсүндөгү жаңы смартфондорун жарыялады

Apple компаниясы iPhone 13 үлгүсүндөгү жаңы смартфонун чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, компания жаңы үлгүдөгү смартфондун төрт түрүн сунуштады. Алар iPhone 13 Pro Max (баасы 1099 доллардан башталат), iPhone 13 Pro (999 доллар), iPhone 13 (799 доллар) жана iPhone 13 Mini (699 доллар).

Смартфондун сырткы көрүнүшү мурдагы iPhone 12 смартфонунан бир аз айырмаланат. Маселен экрандын айланасы бир аз кичирейген. Ошондой эле А15 Bionic чипи менен жабдылган. Бул башка смартфондорго салыштырмалуу бир топ ылдам иштөөгө шарт түзгөн жабдуу экендигин компаниянын өкүлдөрү белгилешкен.

iPhone 13 Pro смартфонунун камерасы үч линза менен чыгарылган. Эки кең бурчтуу жана бир портреттик. Ошондой эле макро съемка жасоого да ыңгайлашкан. Apple смартфондун бул жаңы мууну сүрөттү иштеп чыгуу өзгөчөлүгү жагынан бардык смартфондорду артка калтырарын айтышууда.

Ал эми iPhone 13 кош линзалуу. Ал ошондой эле кинематографиялык съемкаларды жасоого да мүмкүндүк берет. Колдонуучулар камеранын объективин видео тартуу учурунда да өзгөртө алышат.

iPhone 13 жогорку эс тутумга ээ. Жаңы үлгү 1 террабайтка чейин (Pro) жана 512 гигабайтка чейин маалымат сактай алат. Андан тышкары өнүгүп келе жаткан 5G интернет түйүнүндө иштей алат. Ал эми смартфондун кубаты мурдагы үлгүгө караганда күчтүүрөөк болору айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tariel_tt
2021-09-15 13:18:26
12 про Мах которгондор ай . Эми кантет экенсинер.
0
Eden-Hazard
2021-09-15 16:46:24
Биз Айфондун А сын ала элекбиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан