"Ала-Тоо" аянтында Пакистандын жаранын тоноп кеткенге шектелген эки жаран кармалды

Бишкектин Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери пакистандык жаранды тоноп кеткенге шектелген 2 жаранды кармады. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрь күнү 102 кызматына "Ала-Тоо" аянтында Пакистандын жаранын тоноп кетти деген маалымат келип түшкөн. Жерине ыкчам-тергөө тобу барганда арыз менен Пакистандын жараны кайрылган.

Арызда түнкү саат 03:00 чамасында белгисиз жарандар "Ала-Тоо" аянтынан ага күч колдонуп, iPhone 12 Pro
үлгүсүндөгү телефонун жана 800 доллар акчасын алып андан ары из жашырганы жазылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Изилдөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 2002-жылы туулган Х.У. жана 2001-жылы туулган М.И. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ansar
2021-09-15 11:16:05
Кымындай эле чимкириктерго.
0
Alixan-Nookat.2015
2021-09-15 12:19:22
Өзү Пакистандыктар аша чаап кетти эле Пакистан деп кыйкырып ырдашып, бийлешип бөтөн жерде эми кичине болсо дагы жели чыкса керек коркуу сезими пайда болсо керек.
+1
Sofiya05
2021-09-15 13:32:04
Түнкү 3 тө эмне тентиреп жүрүшөт өздөрү. Бөтөн эл, бөтөн жерде болгондон кийин өздөрүнө этият болуп жүрүү керек да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан