Бүгүн, 15-сентябрда Сокулук районунун Манас айылынын Ат-Башы мектеп-лицейинде жаңы окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү.
Аземге билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров, БУУнун балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлү Кристин Жольм, "Катар Черити" кайрымдуулук фондунун өкүлү Мохаммад Хомам Алсамман жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев катышты. Алгач аталган фонддун өкүлдөрү өздөрүн тааныштырып, окуучуларды жана мугалимдерди жаңы оффлайн форматтагы окуу жылы менен куттукташты. Ошондой эле Чүй облусундагы 26 мектептин окуучуларына 7000 сумка жана окуу куралдары менен камсыздарын айтышты. Каражаттар турмуштун оор кырдаалына туш болгон окуучуларга берилет.
"Бүгүн Кыргыз өлкөсүнүн бардык окуучулары, студенттери үчүн билим күнү. Бул күнү мектептер бардык окуучулар үчүн эшигин кенен ачты. Окуучулардын жашоосунун жаңы этабы башталып жатат. Эмгеги бүтүндөй коом тарабынан урматталган мугалимдерге ыраазычылыгымды билдирем. Сиздерди жаңы окуу жылы менен чын дилимден куттуктайм. Чың ден соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!", - дейт Нурлан Өмүров.
Ал эми Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев ЮНИСЕФ Балдар фонду жана "Катар Черити" кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, алар менен чогуу кызматташуу чоң кубаныч тартууларын айтты. Мындан тышкары мугалимдерди жана окуучуларды санитардык эрежелерди так сактап, пандемиядан этият болууга чакырды. Андан соң мектептин директору жана айыл кеңеши сөз сүйлөп, азем концерттик программа менен улантылды.