"Сумка жана окуу куралдары". Манас айылындагы мектептин окуучуларына чет өлкөлүк фонд тарабынан белектер тапшырылды

Бүгүн, 15-сентябрда Сокулук районунун Манас айылынын Ат-Башы мектеп-лицейинде жаңы окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү.

Аземге билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров, БУУнун балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлү Кристин Жольм, "Катар Черити" кайрымдуулук фондунун өкүлү Мохаммад Хомам Алсамман жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев катышты.

Иш-чарада аталган фонддун өкүлдөрү, райондун акими, айылдык кеңеш жана мектеп директору тарабынан куттуктоолор айтылып, сөз сүйлөндү. Ошондой эле мектептин окуучулары тарабынан уюштурулган концерттик программа менен улантылды.

Андан соң "Катар Черити" кайрымдуулук фонду менен БУУнун балдар фонду биргеликте турмуштун оор кырдаалына туш болгон окуучуларга сумка жана окуу куралдарын беришти. Мындан тышкары БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) өлкөдөгү 400 мектепке окуучуларды COVID-19 пандемиясынан коргоо максатында 32 литр суюк самын жана 28 литр дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кыларын билдиришти.

"Мектептер балдардын өнүгүүсүндө, коопсуздугунда жана жыргалчылыгында негизги ролду ойнойт. Тобокелдиктерди азайтуу чаралары колдонулуп, эрежелер так сакталса балдар үчүн мектеп коопсуз чөйрөгө айланат. Ошондой эле COVID-19 пандемиясы балдар үчүн көп коркунуч туудурбай калат", - дейт Кристин Жольм.

Ага улай эле "Катар Черити" кайрымдуулук фондунун өкүлү Мохаммад Хомам Алсамман ушул айдын ичинде өлкөдөгү аз камсыз болгон 700 балага жаңы планшеттерди белек кыларын кошумчалады.

Иш-чарадан кийин башталгыч класстын "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" аталышындагы класстык саатына аталган фонддун өкүлдөрү күбө болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ainura220888
2021-09-15 15:23:39
Качественный нерсени белек кылсанар озунорду реклама кылып когортуп бир нерсени берип койбой. Жакшына рюкзактар толтураго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан