Кечээ, 14-сентябрда Европадагы эң престиждүү футбол турнири болгон Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы оюндары старт алды. Жайкы трансфердик мезгилде Лионель Месси жана Криштиану Роналдунун күтүүсүздөн команда алмаштырганы жана башка бир топ трансфердик жаңылыктар футбол дүйнөсүн дагы да кызытып, Чемпиондор Лигасындагы дөө-шаа командалардын кыл чайнашы көпчүлүктү күттүрүп жаткан эле.
Тайпалык оюндардын алгачкы күнүндө 8 беттеш орун алды. Алардын ичинен көпчүлүктү күттүргөн жана укмуштуудай сенсация жараткан беттеш Испаниядагы "Камп-Ноу" стадионунда өткөн "Барселона" - "Бавария" беттеши болду. Каталондук клуб бул жолу жылдагыдан айырмаланып, "Баварияга" каршы легендарлуу футболчу Лионель Мессиси жок оюнга чыкты. Чабуулда Месси жана Гризмандын ордуна клубга быйыл гана кошулган оюнчулар Де Йонг жана Мемфис Депайлар күчтөрүн сынап көрүштү.
Беттеш толугу менен "Бавариянын" үстөмдүгүндө уланды. Статистикалык көрсөткүчкө ылайык, каталондук клубдун оюнчулары бир дагы жолу "Бавариянын" дарбазасына таамай сокку узата алган жок. Ал эми германиялык клуб "Барселонанын" дарбазасына 7 ирет таамай сокку узатып, анын үчөө голго айланды.
Беттеш 3:0 эсебинде "Бавариянын" жеңиши менен аяктады. Германиялык клубга жеңиш алып келген голдорду Томас Мюллер 34-мүнөттө киргизсе, быйылкы жылдагы "Алтын топ" сыйлыгына негизги талапкер Роберт Левандовский 56 жана 85-мүнөттөрдө дубль жасоого жетишти.
Дагы бир сенсациялуу беттеш Швейцариянын борбору Берн шаарында орун алды. Анда аталган өлкөнүн "Янг Бойз" футболдук клубу англиялык "Манчестер Юнайтед" командасын кабыл алды. "Манчестер Юнайтед" дагы быйылкы сезонду өзгөчөлүк менен баштады. Тагыраагы команданын 2003-2009-жылдар аралыгындагы жылдызы Криштиану Роналдунун кайтып келиши бул жайдагы эң чоң жаңылыктардан болуп калды.
Криштиану Роналду "Манчестер Юнайтед" менен "Ньюкаслга" каршы өткөргөн алгачкы оюнда эле 2 гол киргизүүгө жетишкен. Андыктан "Янг Бойзго" каршы беттеште да көпчүлүк "Манчестер Юнайтеддин" жеңишин жана Роналдунун голун күтүп жатышкан.
Божомолдонгондой эле, Криштиану Роналду беттештин 13-мүнөтүндө гол жаратып, команданы алга сүйрөдү. Ал эми 34-мүнөт жүрүп жатканда "Манчестер Юнайтеддин" курамынан Эрон Уан-Биссака каршылашына каршы копол ойногондугу үчүн кызыл айып кагазын алып, оюндан четтеди.
Беттештин 66-мүнөтүндө "Янг-Бойздун" оюнчусу Муми Нгамалё гол жаратып, эсепти теңеп кетүүгө жетишти. Оюндун калган убактысында эки тараптан тең эч кандай гол жаралбай, көпчүлүк беттештин тең чыгуу менен аякташын күтүп калган. Бирок беттешке кошулуп берилген 5 мүнөттүктө "Манчестер Юнайтеддин" чабуулчусу Жейси Лингаррдын катасын пайдаланган Жордан Сибачо "Янг Бойз" үчүн 2-голду киргизип, командасына жеңиш тартуулады. Оюн 2:1 эсебинде швейцариялык команданын жеңиши менен аяктады.
"Манчестер Юнайтед" тайпалык баскычтагы алгачкы беттешин жеңилүү ызасы менен баштады. Ал эми Криштиану Роналду жаңы клубдагы 2 беттеште 3-голун жаратты. Ошондой эле карьерасында 36-клубдун дарбазасына гол киргизип, Лионель Мессинин рекордун кайталады.
Тайпалык баскычтагы кийинки кызыктуу беттеш турнирдин учурдагы чемпиондору "Челси" менен орусиялык "Зенит" клубунун ортосунда өттү. Стемфорд Бридж стадионунда өткөн беттеште "Челси" көбүрөөк топко ээлик кылуу менен оюн алып барды. Оюндун 69-мүнөтүндө чабуулчу Ромелу Лукаку экинчи кабатта мыкты ойноп, өнөктөшүнөн келген топту башы менен дарбазага багыттап гол жаратты.
Андан кийинки мүнөттөрдө эки тараптын тең жасаган аракети голго айланбай, командалар беттеши 1:0 эсебинде "Челсинин" жеңиши менен жыйынтыкталды.
Күйөрмандарды көптөн күттүргөн беттештердин дагы бири швециялык "Мальмё" клубу менен италиялык "Ювентустун" ортосундагы оюн болду. "Ювентус" дагы бул оюнга "Барселона" сыяктуу негизги оюнчусу Криштиану Роналду жок чыкты. Бирок команданын Пауло Дибала, Альваро Мората сыяктуу башка чабуулчулары конокто ойноп жатканына карабай, каршылаш командага эч мүмкүнчүлүк берген жок.
Беттештин алгачкы бөлүгүндө эле Алекс Сандро (23-мүнөттө), Пауло Дибала пенальтиден (45-мүнөттө) жана Альваро Моратанын (45+1-мүнөттө) киргизген голдору оюндун тагдырын чечип, "Ювентус" жеңиш менен үйүнө кайтып келди.
Жогорудагы беттештерден тышкары калган 4 оюндун баары тең чыгуу менен жыйынтыкталды. Алар:
"Севилья" 1 - 1 "Ред Булл Зальцбург";
"Вильяреал" 2 - 2 "Аталанта";
"Динамо Киев" 0 - 0 "Бенфика";
"Лилль" 0 - 0 "Вольфсбург".
Ал эми бүгүн, 15-сентябрга караган түнү дагы 8 беттеш орун алат. Алар:
"Бешикташ" - "Боррусия"4
"Шериф" - "Шахтёр Донецк".
Ал эми эртең:
"Интер" - "Реал Мадрид";
"Брюгге" - "ПСЖ";
"Манчестер Сити" - "РБ Лейпциг";
"Атлетико Мадрид" - "Порту";
"Ливерпуль" - "Милан";
"Спортинг" - "Аякс".