ЭЛДИК КАБАР: Аксынын Ак-Жол айылында жеке ишкер куруп берген бала бакчанын ачылышы болду (сүрөт)

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айылынын тургуну кайрылып, жеке ишкердин жардамы менен курулган бала бакча ачылып, колдонууга берилгенин айтты.

"Ак-Жол айылында жакшы саамалык болду. Айылыбызда 50 орундуу бала бакча жеке ишкер Таалай Султамуратовдун жардамы менен курулуп, пайдаланууга берилди. Буга чейин айылыбызда бала бакча жок болчу. Имаратты курууга 3 миллион сомго чукул каражат кетти окшойт.

Бала бакчада уктоочу, ойноочу бөлмөлөр, ашкана, санузел жайгашкан", - деп билдирди айыл туругуну.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Аксынын Ак-Жол айылында бала бакчанын ачылышы болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
asefsa
2021-09-15 15:02:15
Осуп оно берсин айылыбыз, куруп Берген азаматтарга Алла ыраазы болсун!
+1
suban78
2021-09-15 17:13:49
Мечит эле кура бербей ушундай мекемелерди да курса болот экен гоо...
Азаматсыз.
Балдардын сообу коп тийсе керек менимче.
Ишинизге ийгилик, омурлуу, бактылуу болнуз ишкер ага
+1
Tynar1213
2021-09-16 00:34:37
suban78,кура бер сага бирөө кой деп жатабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан