Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев, жаш ырчылар Тамга жана Бакас чет элдеги мекендештерге концерт тартуулашты. Алар Германиянын Берлин шаарында өткөн иш-чарага чакырылган.
Сыймык Бейшекеевдин айтымында, 12-сентябрда Европадагы кыргыздардын ынтымак Кубогу боюнча мелдеш өттү.
"Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк алганына 30 жыл жана ынтымак Кубогунун 10 жыл болгонун утурлай иш-чара өтүп, футболдон кийин концерт болду. Эртеси күнү көргөзмөлөр уюштурулду. Биз Берлинге эле концерт коёбуз деп келгенбиз, 30 жылдыкка карата уюштурулган иш-чарага катышуу башкы максатыбыз болчу. Европанын бир катар шаарларында жашаган мекендештер дагы концерт коюубузду суранышты, буюрса, ноябрь айында кайра келели деп турабыз. Иш-чаранын демилгечиси Кыргыз жергесинин Берлиндеги диаспорасы жана Нурлан Мукаш деген мырза болду.
Бул жакка Бакас жана Тамга деген ырчыларыбыз да келген. Буюрса, Бакас клиптин айрым кадрларын тарттыра кетет. Калган бөлүгү мекенибизде тартылат. Учурда Амстердам шаарындабыз, андан кийин Гамбургга барабыз", - дейт артист.