Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактарда анын атынан ачылган жалган баракчаларга ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.
"Урматтуу достор! Менин атымдан белгисиз адамдар Фейсбукта фейк баракчаларды ачып, алдамчылык менен акча табуунун аракетин көрүп жатышат. Мындай көрүнүшкө капамын жана баракчанын ээлеринен ар түрдүү жалган акцияларды уюштурбоону өтүнөм.
Тилекке каршы, бул фейк маалыматка ишенген миңдеген адамдар акцияларга катышып жаткандары көрүнүп турат.
Жалпы катталуучуларымдан мен белгилеген баракчаларга кирип "даттануу" баскычын басып коюуну суранам", - деп жазган ал.
Ошондой эле билдирүүнүн астына анын атынан ачылган бир катар жалган баракчалардын дарегин белгилеген.