Кримтөбөл Азиз Батукаев Грецияда "мыйзамдагы уурулар" деп аталган адамдардын чогулушуна катышты. Бул тууралуу Телеграм каналга жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жолугушууга мыйзамдагы уурулардын жалпы фондун жетектеген Ахмед Шалинскийди тактан түшүрүү себеп болгон. Шалинский "уурулардын жалпы фондунан" 150 миллион рублду уурдаган деп айыпталган. Алар Шалинский бул акчаны менчиктеп алган деп эсептешкен. Анткени ал бир жылга жакын "жалпы фонд" тууралуу отчёт бере алган эмес. 25тен ашык мыйзамдагы уурулар Шалинскийди тактан ажыратуу боюнча чечим кабыл алышкан. Чогулгандардын арасында Батукаев да болгон. Жыйынга Тимур Саратовский, Азиз Батукаев, Хусейн сыяктуу мыйзамдагы уурулар катышкан.
Азиз Батукаев 2006-жылы бир катар кылмыштары үчүн 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. 2013-жылдын апрелинде Батукаев ден соолугуна байланыштуу бошотулган. Бошотулган күндүн эртеси ал Грозныйга учуп кеткен. 2019-жылы чиновниктер, саясатчылар, дарыгерлер, коопсуздук кызматкерлери, ошондой эле экс-президент Алмазбек Атамбаев Батукаевди мыйзамсыз бошотту деп айыпталып камакка алынган.