Жалал-Абад облусунда 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан Майлуу-Суу шаарынын 3 тургуну каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
"Жигули унаасы Ош тарапты көздөй бара жатып карама-каршы тилкеге чыгып, күйүүчү май ташыган унаа менен бетме-бет сүзүшкөн. Аны Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну башкарып келе жаткан. Кырсыктын кесепетинен Майлуу-Суу шаарынын 24-25 жаштардагы 3 тургуну окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми күйүүчү май ташыган унаадан эч ким ооруканага кайрылган эмес", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Бүгүн, 15-сентябрь күнү саат 07:10 чамасында Токтогул районунун Торкент айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында MAН үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа менен Жигули ВАЗ-2107 унаасы сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен Жигулидеги 3 эркек киши окуя болгон жерден каза болгон.