Өткөн суткада Бишкектеги тез жардам станциясына 537 чакыруу түшүп, 5 адамдын өлүмү катталган

Өткөн суткада Бишкектеги тез жардам станциясына 537 чакыруу келип түшүп, анын 427сине врачтардын бригадалары барып жардам көрсөткөн. 104 адамга алгачкы жардам көрсөтүлгөн соң, бейтапканага барып көрүнүү сунушталган. Ал эми 113 адам ооруканага жаткырылган.

Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Бишкектеги тез жардам станциясы кабарлайт. 25 жаштагы жигитке белгисиз адам бычак сайгандыгын, 11 автожол кырсыгы катталгандыгын да маалымдайт. Ак-Таш конушунда 2 автожол кырсыгы катталып, андан 1,5 жашар бала, 59 жана 53 жаштагы эки эркек жабыркаган. Машина сүзүп кетүү кырсыгы 4 ирет болуп, андан 4 адам жабыркаган. Өткөн суткада 5 адамдын өлүмү катталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан