Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген "Азиянын эң сулуу мырзасы" наамы үчүн ат салышууда

Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген "Азиядагы эң сулуу мырза" наамы үчүн ат салышууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган конкурска добуш берүү 30-сентябрга чейин уланат. Учурда казак ырчысы 2-орунда келе жатат. Ал бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион 290 миң 408 добуш топтоого жетишкен. Ал эми 1-орунду Түштүк Кореядагы "BTS" тобунун ырчысы Ким Сок Жин ээлеп турат. Анын эсебинде 1 миллион 973 миң 428 добуш бар.

Ал эми 3-орунда 967 миң 161 добушу менен таиланддык актёр Уин Метавин келе жатканы айтылды.

Димаш Кудайберген Борбор Азиядан катышып жаткан жалгыз катышуучу. Конкурска Түштүк Корея, Кытай, Тайвань, Гонконг, Таиланд, Япония жана Филиппиндин актёр, ырчы мырзалары катышууда.

Белгилей кетсек, Димаш Кудайберген 2019-жылы планетадагы эң сулуу 100 адамдын катарына кошулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
mariolan
2021-09-16 08:47:30
кыздар менен жарыштырыш керек буларды
+1
Dembele84
2021-09-16 09:56:49
Назик и кызга окшогондор экен булар.Бир туртсон жыгыла турган.Бирок азыр ушундай кыздарга окшоп назик болууга кызыккан эркектер кобойду
-1
KaGaH
2021-09-16 15:54:11
Dembele84,койсоңчу сен ошондой эмессиңби?)
+2
Aidan_Ek
2021-09-16 11:48:52
Баары окшош го бири бирине
0
KG-312
2021-09-16 12:27:52
Блин, эми эркектерди маңкуртташтырып баштаптырда бул динсиздер.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан